Бүгүн, 4-февралда Бишкекте "Ак шумкар" саясий партиясынын жыйыны өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана борбор калаадан шайланып келген 200 делегат катышып жатат.
Анын жүрүшүндө партия лидери Темир Сариевге катышуучулар суроолорун беришүүдө. Делегаттардын бири интернеттеги маалыматтык коопсуздугу тууралуу суроо берди.
"Жакында бир өспүрүм 5-кабаттан боюн таштаган. Мындай кадамга барууга оюн же башка бир себеп түрткү болгонун тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болмокчу. Маалыматтык коопсуздук боюнча маселени мен өкмөттү жетектеп турганда көтөргөм. Бул маселеге басым жасап иш алып барганбыз. Суицид - бул эң маанилүү жана курч көйгөй. Мындай окуялардын алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл", - деди Сариев.