ЖЫЛНААМА, 4-ФЕВРАЛЬ: 1 жыл мурун Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев каза болгон

Мындан 1 жыл мурун, 2016-жылы 4-февралда Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында дүйнө салган.

Ал 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943-1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.
1947-1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951-жылы Ош облустук "Ленин жолу" гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп, 1951-1956-жылдары Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунда окуган. С.Жусуевдин алгачкы "Алдыга жүргүн, кыргыздар!" деген ыры 1943-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланган.

Анын 70тен ашык ырына обон жазылган. 2003-жылы чыккан "Канат менен Зарина" деген махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыккан. С.Жусуев Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайям, Маяковский, Есенин, Тычина, Гамзатов, Кулиев, Магжан сыяктуу акындардын ырларын кыргыз тилине чебер которгон.

4-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан