АКШнын спортчулары Дональд Трамптын саясатынын айынан Иранда өтчү мелдешке катыша алышпайт

АКШнын спортчулары Дональд Трамптын саясаты үчүн Иранда өтүүчү реслинг боюнча эл аралык турнирге катыша албай калышты. Бул тууралуу "Франс Пресс" агенттиги Ирандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен кабарлаганын "РИА Новости" басылмасы жазды.

Маалыматта Иран бийлиги АКШ президентинин иммиграция тууралуу буйругуна жооп катары спортчуларга виза бербей койгон. Эскерте кетсек, буга чейин Трамптын Иран, Ирак, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судан өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга 90 күнгө кирүүгө тыюу салган буйругуна каршы петиция жарыяланган.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф бул буйрукка жооп катары америкалыктарга виза бербестигин айткан.

"АКШнын жаңы администрациясынын саясатын эске алып, ТИМ реслинг боюнча америкалык команданы өлкө аймагына киргизбейт", - деген Ирандын сырткы саясий мекемесинин төрагасы Бахрам Гасеми.

Америкалык спортчулар Ирандын батышында өтүүчү турнирге 16-17-февралдарда катышышмак. Трамптын буйругу АКШда эле эмес, дүйнө коомчулугунда да сынга алынды. Демократчылдар партиясы буйрукту жокко чыгарчу мыйзам сунушташары маалым болду. АКШдагы 15 штаттын Башкы прокуратуралары Трамптын чечими мыйзамсыз экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seiil.94
2017-02-04 15:26:04
Алга! Иран ислам олкосу оркундоп осо бер!
+1
nur_zhoni
2017-02-04 20:37:37
Ажап кылыптыр акылы аз окшойт трапм деген нерсенин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан