Шашылыш билдирүү! 6-февралга чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

3-февралдан 6-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдары, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарындагы (Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымдары) Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68-чакырымдары) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан