Казакстанда өтүп жаткан "Универсиада-2017ге" кыргыз спортчулары атайын бирдиктүү формасыз, керектүү жабдууларсыз жөнөтүлүшкөн

Казакстанда өтүп жаткан XXVIII Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиадага кыргыз спортчулары атайын бирдиктүү формасыз, керектүү жабдууларсыз жөнөтүлүшкөн. Бул тууралуу "5-каналдын" телеберүүсүндө айтылды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнөн "Универсиада-2017ге" барган спортчуларды Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кышкы формасыз жана керектүү жабдууларсыз жөнөткөн. Мындан улам ачылышында спортчулар ар кандай форма менен чыкканы аз келгенсип, оюн маалында жабдуулары жок болуп ар кимдикин сурап турууга мажбур болушууда.

"Жобого ылайык, кышкы форма спортчуларга 2 жылда 1 жолу берилет. Спортчулар Универсиададан кийин Японияга Азия оюндарына жөнөтүлүшөт. Форманы ошол оюндарга кетер алдында берүү чечими чыккан", - деген өз сөзүндө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурдин Султанбаев.

Кыргыз өлкөсүнөн барган лыжачылар жана биатлончулар спорттун эки бөлөк түрү болсо да, лыжанын бир түрүн колдонушканы белгилүү болду.

"Биатлончулар коньки лыжаларында жүрүшсө, бул жерде классикалык менен жүрүштү. Классикалыкка бизде такыр лыжа жок. Жарыш башталган күнү казактардан сураганга мажбур болдук", - дейт биатлон боюнча машыктыруучу Александр Левданский.

Александр Левданский биатлончулардын гана эмес, лыжачылардын да машыктыруучусу. 2-февралда биатлончулар да, лыжачылар да стартка чыгышканда тренер эки ортодо калганы белгиленет.

Машыктыруучу Кыргыз жергесинде талапка жооп бергидей аянтчалар жок экенин, спортчуларга шарт түзүлбөгөнүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
jarkyldak
2017-02-04 15:49:10
Дагы жакшы, казактар лыжасын берип. Болбосо байпакчан чуркайт беленер? "Жоо кеткен сон- кылычынды ташка чап" дейт. Жоопкерчиликти алып бараткан сон, эрте уюштурбайбы ушуларды. Бардык нерсени эле Атамбайга шылтай бербей озубуз деле ишти кыла бербейлиби? Ачкадан кырыла турган казактар олимпиаданы откоруп жатышканда, биздин тыныраак барып катыша албаганыбызга ардангандан башка айла жок.
+16
jarkyldak
2017-02-04 15:54:15
Окудум, кийин беребиз дептир. "Жок, бизде кие турган нерсе жок, лыжа жок, уят болобуз" десе болот эле го. Бардыгыбыз оз ишибизге так жана жоопкерчиликтуу мамиле кылалык! Болбосо дагы коп жерде УЯТ болобуз туугандар!
+6
briliant87
2017-02-04 16:12:35
Уят э
+3
palina
2017-02-04 16:17:00
Байкуштарым бул жакта туруп эле элестетип кейидим,лыжанды берип турчу каке деп... так обидно.
+10
palina
2017-02-04 16:21:33
Талапка жооп бере турган аянтча жок десенер уят эмеспи чар тарабыбыз тоо болуп турса.
+6
munduz2016
2017-02-04 16:32:52
Бет уялбайт,калын.Картошка айдаш керек ал беттерге)))
+6
baltabai
2017-02-04 16:33:35
Uiat ele
+1
bibi87
2017-02-04 16:50:51
Суроо коп,жооп жок ,....
+1
erlist
2017-02-04 17:42:46
Эгерде жабдуулары жок болсо эмне барат ал жака элден сураганыбы?кызык тренер экен бу даттанып.Ошончо бардынбы тигинден сурайсынбы мындан сурайсынбы унчукпай катышып кел же барбай кой.Биздин олкодо андан башка проблема толтра...силер эле жетишпей аттынар эле
-5
tyrgon
2017-02-04 17:45:23
ха ха ))) кызыксынарго ал акчага алтын жалатылган тош белги жасатмак бирок жасатпай калып жаман болушкан )))
+4
talant87
2017-02-04 17:55:22
кантип эле неге барган башында ойллнуш керек эле. сим катартасы жок телефон, донгологу жок машина, болдуго
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-02-04 18:21:50
Уят ушул бийлик тезирээк кетсе экен жаңы бийликтен жакшы иштерди кутобуз. Бул деген шермендечилик башка бирөөнүн жабдууларын сурап чоң эле мамлекет керектүү жабдууларды жана бирдей кийим тигип бере албаганы кантсин эми.
+1
tynkatar03
2017-02-04 20:28:07
Дагы спортчулардан байгелуу медалдарды талап кылабыз((.Дагы жакшы Казахстан жакын. Кокус Швейцарияда болгондо жол кире жок эле барбай калышмак окшойт.
+2
Seiil.94
2017-02-05 00:44:49
Биздикилер жыланач баатыр да
0
oscar
2017-02-05 20:40:34
Биринчиден туура эмес.. экинчиден ар бир ойной турган шаймандарын которо журот го жанында.. башка бироонун аспаптары менен ойнобойт же албайт го спортчулар.. теннисчилер ракеткасы дайыма жанында 1-5 ти ала журушот.. азыр бильярд ойносо да кийи озунуку.. анан эч нерсе албай коньки лыжа носки ди берчи дебей
0
oscar
2017-02-05 20:43:28
Лыжачы болсон озундун лыжан болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан