Өлкө боюнча 2 күн аралыгында 37 005 метр куб кар көчкү түштү

Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-90 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Казарман-Ак-Тал-Чат жана Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-февралда кабарлады.

"Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жогоруда айтылган жолдордо жүрүүдөн убактылуу баш тартуу жарыяланды", - деп билдиришти ӨКМдан.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош жолунда 4-8-февралдарда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иш-чаралары өтөт.

"Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 12:15 чамасында Ала-Бука-Каныш-Кыя-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 70-71-чакырымдарында болжол менен 3000 метр куб кар көчкү түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. №27-Жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тазалоого чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет", - дешет ӨКМдан.

Ошондой эле Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал-Миң-Куш унаа жолу бир тараптуу ачылып, кеңейтүү иш-чаралары улантылып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан