Бүгүн, 4-февралда болжол менен 06:55те Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жаш кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге барган ыкчам топ 1999-жылкы кыз 8-кабаттан секирип кеткенин аныктаган.
Маалыматка ылайык, каза болгон кыз Бишкекте иштеген 45 жаштагы тууган эжеси менен жашаган, апасы учурда Орусияда. Ошондой эле кыздын ата-энеси мурун эле ажырашып кетишкени белгилүү болду.
"Буга чейин жашы жете элек кыз Москвада апасы менен жашап, ошол жакта окучу, бир нече жолу психиатрга кайрылган, талма оорусу менен ооруган. Өткөн жылы жазында ден соолугуна байланыштуу климат өзгөртүүгө Бишкекке келген", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматы.
Окуучу борбор калаанын мектептеринин биринде 11-класста окуган. Мектеп директорунун айтымында, кыз 3 күн окууга келген эмес. Ал эми тууганынын айтымында, ал 3 күн бою баш оорусуна даттанып, орусиялык дарыгерлер жазган дарыны ичип жүргөн.
"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул окуянын виртуалдуу оюндарга тиешеси жок. Факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда кыздын социалдык тармактардагы виртуалдуу оюндарды ойногону тууралуу маалымат жок. Окуучунун жакындары жана классташтары, ата-энеси, туугандары менен болгон мамилелери такталууда", - деп кошумчалашкан ИИМден.