"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Москвада КамАЗ сүзүп кеткен кыздын абалы жакшы

Кечээ, 3-февралда саат 17:30 чамасында Москва шаарынын "Сокольники" метросунун жанынан кыргыз кызды КамАЗ сүзүп кеткен. Жабыркаган кыздын бир тууган эжеси SUPER.KG порталына сиңдисинин абалы жакшы экенин бүгүн, 4-февралда билдирди.

"Кырсык болгонун 2 саат өткөн соң билдим. Бир тууган сиңдим эс-учун жоготуптур, бактыга жараша, азыр абалы жакшы. Дарыгерлер карап, учурда тамырына дары куюп жатышат. "Элдик кабар" рубрикасындагы сүрөттөрдөн кийин КамАЗдын айдоочусу менен байланышканга мүмкүнчүлүк бар", - деди ал.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кыздар менен байланышып, жолугушарын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2017-02-04 17:47:04
сакайып кетсин
+3
nurbek11
2017-02-04 18:27:09
Элчилигибиз Ишемби Жекшемби дем алып жатышат. Алардын тынчын албаныздар. Дуйшомбу куну кабар алышат.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан