Өкмөт Өмүрбек Текебаевдин тигүү тармагы кыйроо алдында турганы боюнча билдирүүсүнө жооп берди

Өкмөт Өмүрбек Текебаевдин тигүү тармагы кыйроо алдында турганы боюнча билдирүүсүнө жооп берди.

"Легпром" ассоциациясынын ишкерлеринин маалыматына ылайык, 2016-жылы тигүү өнөр жайында өндүрүштүн көлөмү 2013-2015-жылдарга салыштырмалуу кыйла жогорулаган. Алсак, Орусия Федерациясынан жана Казакстан Республикасынан тигүү буюмдарына буйрутмалардын өсүшү байкалган. Бүгүнкү күндө тигүү ишканаларында өндүрүш толук көлөмдө ашыкча кубаттуулукта иштеп жатат. Буйрутмалар ири көлөмдө келип жаткандыктан, ишкерлер жумушчу кадрлардын - тигүүчүлөрдүн жетишсиздигине туш болушууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган көйгөйдү чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Легпром" ассоциациясы менен биргеликте иш жүргүзүп жатканын билдирди.

"Тигүү продукцияларын экспорттоонун көлөмү бир четинен тигүү продукцияларынын негизги көлөмү менен байланыштуу жана ал патенттик негизде иш жүргүзгөн жеке ишкерлер тарабынан чыгарылат. Аталган кичи ишканалар чыгарган продукциялардын көлөмү дээрлик статистикалык органдар тарабынан эске алынбайт. Статистикалык маалыматтарда "Дордой" базары аркылуу Орусия Федерациясына жана Казакстан Республикасына кетип жаткан тигүү продукциялары да дээрлик эске алынбайт. Азыркы учурда текстиль-тигүү продукцияларын аныктоо үчүн бул тармактын чыныгы абалын эсепке алууну оптималдаштыруу механизмин иштеп чыгуу боюнча иштер аяктоодо", - деп кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан