Муфтият жаштардын арасындагы суицид боюнча ата-энелерге кайрылуу жасады

Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев акыркы убактардагы жаштардын арасындагы өзүн өзү өлтүрүү (суицид) күчөп бара жатканын айтып, бул жаатта ата-энелер балдарга ыйман, адепти үйрөтүү менен туура тарбия, туура багыт берип, балага көңүл бурушу керек экенин баса белгилеген.

"Куранда "өзүңөрдүн жаныңарды жана үй-бүлөңөрдүн жанын тозоктун отунан сактагыла" деп айткан. Андыктан балдарга дин таалимин, ыймандуулукту үйрөтүшүбүз маанилүү. Жан, өмүр Алланын улуу белеги болуп саналат. Андыктан өзүбүздүн жаныбызды кадырлашыбыз керек", - деди Максатбек ажы Токтомушев.

Ошондой эле муфтий бул көйгөйдү олуттуу кароого чакырып, жаш муундарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, аларга жакындан көңүл буруш керек экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, акыркы учурларда социалдык тармактарда "#морекитов", "#тихийдом", "#явигре" жана "#разбудименяв420" хештегдери менен бөлүшө баштаган өспүрүмдөр бар экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2017-02-05 08:21:54
Таптакыр жаап койгонго болбос бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан