Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында кечээ саат 17:44төн 17:54кө чейин 4 снаряд атылган. Жыйынтыгында 21 миң метр куб көчкү түшүрүлгөн. Мындан сырткары 133-чакырымда 4 снаряд атылган.
"Иш-чаранын жүрүшүндө 132-133-135-чакырымдарда кар түшүрүлгөн. Жалпысынан 12 снаряд атылып, 38 000 метр куб кар түшүрүлдү. Атып түшүрүү иштери бүгүн Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымынан баштап улантылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.