ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: "Манас-Ордодогу" этнографиялык комплексти түзгөн сүрөтчү Жоомарт Кадыралиев 2 жыл мурун көз жумган

Мындан 2 жыл мурун, 2015-жылы 5-февралда Кыргыз Эл сүрөтчүсү, III даражадагы Манас орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жоомарт Кадыралиев 69 жашында көз жумган. Ал 1946-жылы 18-июлда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн.

1995-жылы Таласта өткөн "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналган мааракеде ачылган "Манас" этнографиялык комплексин түзгөн. Ошондой эле ал "Эсимде", "Чолпонбай тууралуу легенда", "Кош, Алымкан!", "Ата Мекенимде" сыяктуу белгилүү эмгектердин автору.

5-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан