Анкарада 60 адам "Ислам мамлекетинин" тарапташтары катары кармалышты, алардын көбү чет элдиктер

Түркиянын борбору Анкарада бүгүн, 5-февралда эртең менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташтарына каршы атайын операция өткөн. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазган.

Агенттиктин маалыматына ылайык, операция бир убакта Синжан, Чубук, Енимахалле жана Мамак райондорунда жүргүзүлгөн. Анкара полициясынын башкармалыгынын кызматкерлери "Ислам мамлекетинин" жардамчылары" делип жалпысынан 60 адамды кармашкан. Алардын көпчүлүгү чет элдиктер. Шектүүлөр Анкаранын Полиция башкармалыгына жеткирилишкени маалымдалат.

Азырынча Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги бул тууралуу маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан