Пакистанда кар көчкүдөн 6 аял, 6 кичинекей бала каза болду

Бүгүн, 5-февралда Пакистандын тоолуу айылына кар көчкү түшүп, болжол менен 14 адам каза болду. Каза болгондордун арасында 6 аял жана 6 кичинекей бала бар. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

"Көчкү Шер Шал тоолуу аймагында жайгашкан айылдардын бирин басып калган. Кар алдында 25 үй калып, кардын жүрүшүнөн 5 үй талкаланган. Анын астынан 9 адамды куткаруу мүмкүн болгон. Куткарылгандар ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылышты", - деп жазылган маалыматта.

Кырсыктан кийин бир нече саат өткөндө Ооганстандын чек арасынын жанындагы Арунду аймагында жайгашкан полициянын имаратына дагы көчкү түшүп, 7 полиция кызматкери жаракат алганы маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abubakir05
2017-02-05 18:16:17
Биздин да тоолуу райондордо кар кочкусу журуп жатат кудай сактасын
+1
arzygulR
2017-02-05 19:23:46
Кудай сактасын дуйнодо тынчылык болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан