Кытайдагы өрт бир нече адам өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 5-февралда Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы эс алуучу жайда чыккан. Мындан улам 18 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган. Каза болгондордун 8и өрт болгон жерден, калган 10 адам ооруканага жаткырылгандан кийин көз жумган. Кырсык учурунда бир канча адам имараттан чыга албай камалып, терезеден секирип чыгууга аракет калган.
Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп, өрттүн себептери аныкталууда.