Өлкө аймагындагы тоолуу райондордо, унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт

Өлкө аймагындагы тоолуу райондордо, унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу), 121-138-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 198-265-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдары жана Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

"Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдары, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарындагы (Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымдары) Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу), 45-92-чакырымдары жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан