Шайлоо-2017: Темир Сариев расмий түрдө президенттик жарышка аттанды

SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кезектеги айлампасы жыйынтыкталды.

Президенттин командасында да, оппозиция тарапта да, эксперт, байкоочулар тарапта да президенттик шайлоо өз убактысында, 2017-жылдын күзүндө өтөт деген ишенимдүү жооп жок. Кырдаалга жараша президенттик шайлоо өз убактысынан мурун өтүп калышы мүмкүн деген жоромол сакталууда.

Сурамжылоонун 23-январдан 6-февралга чейинки айлампасында алдынкы бештикте өзгөрүү болуп, бир нече айдан бери алдыда ишенимдүү келе жаткан Адахан Мадумаров биринчиликти Чубак Жалиловго бошотуп берип, 2-орунду ээледи. Алдынкы бештикте Чубак Жалилов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев жана Сапар Исаков келе жатат. Сапар Исаковдун карьерасында өткөн аптада өзгөрүү болуп, ал президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындалды. Ал баштагыдай эле бийлик президенттикке талапкер катары алып чыгышы мүмкүн болгон талапкерлердин катарында. Аларга удаа мурунку премьер Темир Сариев келе жатат. “Ак шумкар” партиясы 4-февралда Бишкекте жыйын өткөрүп, Темир Сариевди расмий түрдө президенттикке талапкер катары чыгарды. Тизмедеги калган саясатчылардын рейтингинде байкаларлык өзгөрүү болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан