Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде 3-февралда бир катар кызматкерлерди өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн эксперти Азамат Эсенбеков жана министр Адылбек Касымалиев тапшырды. Каржы министри Адылбек Касымалиев өз сөзүндө аталган иш-чара пенсия жашына чыгып, эс алууга кетип жатышкан кызматкерлерди министрлик тарабынан сыйлоо максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, 2016-жылы өкмөттүн мамлекеттик органдарда оптимизация жүргүзүү, штаттык бирдиктерди кыскартуу боюнча токтому чыгып, Каржы министрлигинде дагы кызмат орундарды кыскартуу жүргүзүлдү. Быйыл 50гө жакын кызматкерлер пенсия жашына чыгып, эс алууга кетип жатышат.
"Бүгүн министрликтин тарыхында жаңы барактар ачылып, мен үчүн кубанычтуу да, өкүнүчтүү да сезимдер пайда болуп жатат. Кырчындай жаштыгын, убактысын каржы системине арнаган агай-эжейлерди бир чети ардактуу эс алууга узатып жатсак, бир чети көптөгөн жылдар бою талбай эмгектенген кесипкөй, тажрыйбалуу кызматкерлердин кызматтан кетип жатканына өкүнүп турабыз. Биз бул агай-эжейлерге министрликтин ишине берилип иштегендиги, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык айтабыз", - деди министр.