Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 4-февралда Боинг кырсыгында жабыркагандарга жардам көрсөткөн ыктыярчылар менен жолукту. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков жабыркагандарга жардам берип, убагында кийим-кечектер, керектүү азыктар менен камсыз кылып, биринчи жардам көрсөткөн ыктыярчылардын жардамын баса белгиледи. Аны менен катар өлкөнүн бардык аймагында каражат чогултуу иштери уюштурулганын да кошумчалады. “Бул биздин элибиздин жүрөгүн жаралаган кайгылуу окуя болду. Бул кырсыктан кийин республикабыздын бардык аймагынын эли бирикти. Бир да киши бул ишке кайдыгер болуп калган жок. Мен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге жана кайдыгер карабаган жарандардын баарына, активисттерге, ушул кырсыктын алгачкы сааттарында, биринчи күндөрүндө, андан кийинки алгачкы аптада кыйын болуп турган мезгилде колдон келгендин баарын жасап, кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирем”, - деди премьер-министр.
"Кийинки жылдарда ыктыярдык кыймылга катышкан адамдардын саны бир топ көбөйдү. Мен ыктыярчылардын бул кырсыкта гана эмес, башка иштерде да жардамдашууга көп көңүл бурушарын билем. Ооруган адамдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, кары-картаңдарга жардамдашуу менен сиздер элибиздин ынтымагын бекемдеп жатасыздар. Сиздердин чакырыкка кошулган ар бир адам мамлекетибизди өнүктүрүү ишине кошулуп жаткандардан болот. Мына ушул сиздердей болгон адамдар менен биздин коомубуз күчтүү болот", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчысы авиакырсыктын себептерин аныктоо үчүн биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн эскертти. Мухаммедкалый Абылгазиев комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалымат берип, учурда кырсыктан жабыркап, турак жайсыз калган 11 үй-бүлө бардык шарттары бар убактылуу батирлерге көчүрүлгөндүгүн билдирди.
Ыктыярчылар жабыркагандардын мындан аркы тагдыры жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу түрдүү суроолорун беришти. Алар мамлекеттик органдарга өз сунуштарын айтышты. Алардын суроолоруна өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев жооп берди. Премьер-министр менен болгон жолугушуунун катышуучулары тарабынан айтылган айрым маселелер тууралуу тиешелүү тараптарга тапшырма берди.