Чоң-Алай районунда кардын калыңдыгы 80 сантиметрге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-февралдан 4-февралга караган түнү Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында калыңдыгы 70-80 сантиметрге жеткен кар жаап, 16 айылда 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып калган. №16-Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч жана 2 грейдер тартылып, 5-февраль күнү жалпы 9 айылда 39 чакырым ички чарбалык жол тазаланган. Тазалоо иштери бүгүн да улантылат.