Сүрөттөгү арыктыгынан алсыраган нигериялык бала мектепке бара баштады

Ырымчыл ата-энеси көчөгө таштап салгандан кийин даниялык кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүсү Аня Ринггрен Ловен тарабынан бир жыл мурда куткарылган нигериялык бала мектепке барды. Бул тууралуу өткөн жумада "The Independent" басылмасы жазып чыкты.

2016-жылдын январь айында алсыз, 2 жашар арык балага суу ичирип жаткан айымдын сүрөтү дүйнөгө тараган. Туугандары сыйкырчылык боюнча айыптап, андан баш тартышкан бала жөнүндө маалымат алгандан кийин Ловен аны жакындары түрдүү ырым-жырымдарга байланыштуу таштап кеткен кичинекей балдар үчүн ачылган баш калкалоочу жайга алып келген.

Ушул жылдын 30-январында Ловен туура бир жыл мурунку көрүнүш менен түшкөн сүрөттү жарыялаган. Анда 12 ай ичинде бир топ өзгөргөн, толуп, чоңоюп калган, кооз кийинип, ийинине баштык асынган баланы көрүүгө болот.

"Бүгүн Хоуп аттуу баланы дүйнө эли тааныгандан тарта бир жыл убакыт өттү. Ушул жумада ал мектепке барат", - деп жазган Ловен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
good5like
2017-02-06 12:22:43
Baikuw omurun bersin
+5
yrysbek
2017-02-06 12:23:15
Дуйно жузундо согуш болбосун, кайрымдуу, боорукер адамдар кобойсун!
+11
adiko11
2017-02-06 14:36:22
байкушум иий омурун берсин бул дуйнодо балдардын баары бактылуу балалыктарын откорушу насип этсин зар кар кылбасын Алахым
+4
altynka95
2017-02-06 16:21:18
Кичинекей Баланы сыйкырчылык менен айыпташканбы?
0
Magusi
2017-02-07 09:59:13
Молодец экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан