Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 6-февралдагы отурумунда тамекиге болгон салыкты жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралууда.
Анын жүрүшүндө депутат Айбек Алтынбеков ("Республика-Ата Журт") мектептердин жанында окуучулардын тамеки тартып жатканына нааразы. "Коомдук жайларда, кафелерде, окуу жайлардын аймагында тамеки тартууга тыюу салуу боюнча мыйзам иштеп жатабы? Мыйзам иштеш керек. Элибиздин ден соолугу чың болуш керек. Бир гана өнүккөн өлкөлөрдөн эмес, Тажикстандагы шаарлардан тамеки тарткан адамды көрбөйсүң", - деди Алтынбеков.
Өкмөттүн парламенттеги өкүлү учурда коомдук жайларда чылым тартууга тыюу салган мыйзам долбоору даяр экенин, эгер ал кабыл алынса, бул маселе жөнгө салынарын белгиледи.