Бир жумада жол эрежесин бузган 420 айдоочунун унаасы айып жайга токтотулду

Өлкө аймагында Патрулдук милицияга бир жумада 742 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир жума аралыгында Патрулдук милиция башкармалыгынын “102” кызматына жарандардан түшкөн кайрылуулар тейленип, алардын 631ине протокол түзүлгөн. Жол эрежелерин бузуу боюнча 14 521 административдик протокол түзүлгөн.

"Мас абалында унаа башкаруу боюнча 192, документсиз унаа башкаруу боюнча 315 протокол толтурулган. Мындан сырткары 28 айдоочу мамлекеттик номери жок унаа башкарып кармалган. 59 автомашинанын айнектери караңгылатылганы аныкталган. Ошондой эле 2057 жол белгилериндеги талаптарды бузуу, коопсуздук курун тагынбаган 4012 айдоочу кармалган. Ал эми 420 унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан