1 куту чылым 2018-2019-жылдары 5 сомдон кымбаттап турушу мүмкүн

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 6-февралдагы отурумунда "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин (КДСП) айтымында, бул мыйзам долбоору тамекинин баасынын жогорулашына алып келет: 2018-2019-жылдары 1 куту чылымдын баасы ар жыл сайын орточо эсеп менен 5 сомго жогорулап турат.

"Ар жыл сайын тамеки заттарына карата акциздик салыктын ставкасы жогорулап жатат, бирок ошол эле убакта ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринде бекитилген ставкадан биздин өлкөнүкү кыйла төмөн. Буга бир катар себептер бар: жашоо деңгээлдин төмөндүгү, рыноктун контрабандалык жана жасалма продукциядан корголбогондугу. Бирок ЕАЭБдеги башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин мамлекетте акциздин ставкасы төмөн бойдон каларын эске алуу менен мыйзам долбоору тарабынан акциздик салыктын ставкасын бир топ жогорулатуу зарыл", - деп түшүндүрдү Бекешев.

Талкуунун жыйынтыгында аталган комитет бул мыйзам долбоорун 1-окууда жактырып, палатанын кароосуна жөнөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Seryi-Kardinal
2017-02-06 11:38:24
jakwy kylypsynar
0
Asyl.jazi
2017-02-06 12:15:37
100 эсе кымбат кылса дагы болмок
0
etaj_rus79
2017-02-06 12:55:43
зоводдон чыкпай калса деле ыраазымын
0
azamat.k
2017-02-06 13:02:32
Айлык пенсия пособиелерди да ошентип которуп турсанар.
+2
kilim
2017-02-06 15:29:45
Тамекини кымбаттатып атышат жаштар насвайга отуп атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан