Кадамжайдагы окуучунун өлүмүнө шектелген бала: "Экөөбүз уруша кетип, токтоно албай бетин таш менен жанчып салгам"

Кадамжайда окуучунун өлүмүнө шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-февраль күнү саат 11:00 чамасында Көк-Талаа айылындагы талаадан 15 жаштагы Э.Жнын жансыз денеси табылган. Анын бети-башы жанчылып, киши колдуу болгону аныкталган. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 8-класстын окуучусу М.А. кармалган.

Шектүү көрсөтмөсүндө: "3-февраль күнү саат 15:05 чамасында мага Э.Ж. телефон чалып, экөөбүз Көк-Талаа айылында көчөдөн жолуктук. Ал мурда мен алып койгон уюлдук телефонунун флешкасын таап бер деп айтып, кайтарып бербесең сени милицияга беремин деп коркута бергендиктен экөөбүз уруша кеттик. Кийин өзүмдү токтото албай калып таш менен бетине уруп, жанчып салып, арыктагы сууга жаткырып койгом. Ошол түнү мен уктай албай эртеси күнү окуя болгон жерге барып, Э.Жнын үстүнө кургатылган жүгөрүлөрдү жаап кетип калганмын", - деп айткан.

Учурда "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Tansuluu09
2017-02-06 15:43:16
Жаман болуптурдаа эххх экоо тен кичинкей балдар экен ((((
-2
Istina1000
2017-02-06 15:46:18
Кудайга тообо кылдым, жапжаш эле бала эмитен ушул иштерди кылса, эрезеге жеткендегисинен тунулуп эле кое бериш керек экен. Ээ, Аллахым, пенделеринди озун асырай кор
+12
Seiil.94
2017-02-06 15:47:08
Ээн баш тарбиянын жоктугу да
+10
baltabai
2017-02-06 15:56:33
Филешка нынн каркасынан экенда тоообоо кылдым
-1
Bubu88
2017-02-06 15:57:28
Жашабай жатып адам өлтүрүп тооба кылдым
+7
Sveta23
2017-02-06 15:59:49
Эмне деген гана заман. 8кл окуучусу адам өлтүрүп жатса бир флешка үчүн...Жогоруда бирөө туптуура жазыптыр. Тарбия жок. Атанын эненин тарбиясы жок. Балдарды көрүнгөнгө таштап коюп иштеп келебиз деп кетип атышат. Бизде иш жок арга жок дегилечи. Бирок өткөөл курактагы балдар үчүн чоң минус болуп атпайбы. ..
+12
rahman87
2017-02-06 20:16:35
Sveta23,
Ата энеде эмне айып. Ар бир ата эне балам адам өлтүрсүн деп чөңөйтпөйтда. Балдарга, өзүбүзгө инсап берсин.
-3
nazel
2017-02-06 16:06:59
Кудай ар бир балага эле ыйман берсин,дээринде жок болсо 1000 айтсан да пайда жок.Болоор бала богунан деп бекер айтылган эмес да.
+5
kanyshai_2011
2017-02-06 20:55:25
Жайы жаннатан болсун ата энесине сабыр берсин балээ болду жакшы кабар бар бекен деп кирсен эле олтурду олду асынды бир жакшы кабар жок ..
+1
Nur1k
2017-02-06 21:37:47
Кокууууй дух бир камазго э
-2
Almagul.akylbekova
2017-02-06 21:52:50
Эч кандай ата-энесине куноону койгонунар туура эмес,бул деген тарбияга эчкандай тиешеси жок деп ойлойм,бул баланын кейпине тушуп калыш бир секунд,ошондой экен жазат десе эле ар кимин ар нерсени жаза бербегиле,силерде да бар ошондой экен эч кандай Алладан улуу суйлоп ата-энесине куноо койбогула,балким бул бала кылганына окунуп ошол себепкер болуп омур бою ошол кылганы учун Алладан кечирим сурап отор азырго жаштык и шайтандын ишин кылган.
-1
Almagul.akylbekova
2017-02-06 21:57:39
Каза болгон балага Жайы Жаннаттан болсун топурагы торко болсун кылган сооб иштери башына Саябан болсун карангы кору жарык болсун демекмин ата-энесине жана бир туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам сабырдуу болунуздар.
+2
Kroxa
2017-02-07 00:52:44
Ата-энеси таштап иштегени кетип балдарды да мерез кылып кондуруп жаткансыйт азыркыларда тарбия такыр башка урушсан олом дейт,же качып кетишет уйдон..коп эле учурлар кездешип жатат тан калбай эле койсок болот..бей ажал олуп калган оспурумго жайын жаннаттан берсин..
+1
mira28
2017-02-07 01:36:44
Kroxa,ооба балдар ата энеден алыс осуп ички сырын болушо албай акыркы кундордо кыйын болду.Акчанын артынан сая куубай ата энелер оздору жараткан балдарын жанында эле алып журсочу.
0
almazbei
2017-02-07 02:04:46
Тообо кылдым , кудай сакта баарыбызда бала бар, ата энесине асылбай эле суйлойлучу,азыркы балдарда деле нерв калбай баратат?!
0
femidakg
2017-02-07 08:49:13
Балдар мээримсиз болуп калууда. Бизде деле бар да ата- энеси Россияда жургон балдар.Откондо бирин урушуп койсом, сизди балта менен бар чаап олтуруп, бычок менен гесип салам десе болобу.Уроюм учуп эле эмне лешимди билбей калдым.Жаш бала болбосо биринчи класста окуйт. Анан да балдардын коргон мультфильм, играларынан да болуп жатабы дейм да, ошондогу каармандарга окшогусу келишет.
0
Magusi
2017-02-07 09:50:59
Деги не болуп баратабыз....Эн окунучтуусу жаштарыбызды коп жоготууга учурап жатканыбыз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан