Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиянын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Тийиштүү документке өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 4-февралда кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылы 28-декабрда кабыл алынган. "Гидрометеорология иши өлкөнүн бүткүл аймагында Конституциянын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде бирдиктүү тартипте жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында гидрометеорология иши жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегинде алар менен эриш-аркак ишке ашырылат жана мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын гидрометеорология маалыматына, ошондой эле жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматка муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.