Аксы районунда кар калың жаап, турак үйлөрдүн, мектептердин чатырлары сынды (фото)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин байкоолоруна ылайык, көп жылдык нормага салыштырмалуу Аксы жана Ала-Бука райондорунда 2017-жылдын 3-4-февралында тынбай жааган кардын кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашык болгон. Маалыматты министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анын кесепетинен Аксы районунун Кербен шаарындагы Ак-Дөбө, Жетиген айылдарында, Авлетим айыл аймагынын Мукур, Арал айылдарында турак үйлөрдүн шиферлери сынып түшкөн. Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылындагы К.Абдырахманов атындагы №55-орто мектебинин чатырынын 72 даана шифери, Өлөң-Булак айылынын М.Шатманов атындагы №28-мектебинин жанына салынган китепкана жана эмгек сабактары өтүүчү бөлмөнүн чатырынын 46 даана шифери сынган.

Аксы райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдеп, акт түзгөн. Жыйынтыгында Кербен шаарынан жана Авлетим айыл аймагынан жалпысынан 10 турак жайдын 473 даана шифери жараксыз абалга келгендиги аныкталган.

Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагынын Ак-Там айылындагы Алимов көчөсүнүн тургуну М.Боронбаевдин турак жайынын чатырынын 30 даана шифери калың карды көтөрө албай жараксыз абалга келген. Ошондой эле Ак-Там айылындагы Өмүрованын мал сарайынын чатыры калың кардын кесепетинен кулап калган, малга зыян келген эмес. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдеп, акт түзгөн жана жыйынтыгында Ак-Там айыл аймагынын жалпысынан 1 даана турак жайдын 30 даана шифери жараксыз абалга келгендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baltabai
2017-02-06 12:29:22
Тамды күрөп койгула
+3
chyngyz-40
2017-02-06 13:34:31
сынгыдай деле кар жок экен биз жакта мындай кардан эки эсе калын жаады машына эмес военый 66 лар тыгылып жатат
+4
Beka1986
2017-02-06 16:12:38
chyngyz-40,биз жагын кайсы жак
+2
azamat85
2017-02-06 21:58:40
Жыгачтары слабый, эптеп жаап акчаны чонтоко салышкан
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан