2016-жылы ички дүң продукция 78 702 сомго чейин өстү. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымат жыйынында билдирди.
“2014-жылы ички дүң продукциянын көрсөткүчү 71 801 сом болсо, 2015-жылы 75 миң сомду түздү. 2016-жылдын биринчи жарымында ИДП боюнча жаман көрсөткүч болгон, бирок ага карабастан август айында өскөнү байкалды. Жыл жыйынтыгында 3,8 пайыз өскөнүн көрдүк. Бул ЕАЭБге кирген башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы”, - дейт Панкратов.
Учурда өкмөттө Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргенден кийинки жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйыны өтүүдө.