УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Р. жасалма диплом менен жүргөндүгү белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Жасалма диплом табылган соң УКМКнын кызматкерлери Кылмыш кодексинин 350-беренеси (жасалма документтерди даярдоо, сатуу, колдонуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды. Эгерде кармалган адамды сот күнөөлүү деп тапса, анда ал 2-3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.