Румынияда өкмөткө нааразычылык билдирип митингге чыккандардын саны 500 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн борбор шаарында митингчилердин саны 250 миңге жакындаган. Акциянын катышуучулары өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда. Эске салсак, аянтка чогулган эл буга чейин коррупционерлердин жоопкерчиликтен качуусуна мүмкүндүк бере турган токтомду жокко чыгаруу талабы менен
чыгышкан.
Жалпы Румыния өлкөсү боюнча өкмөткө нааразы болуп, каршылык акциясын уюштургандардын саны 500 миңге жеткен. Жергиликтүү бийлик калктын нааразычылыгынан кийин токтомду жокко чыгаруу чечимин кабыл алды деп айтылат маалыматтарда.