Бүгүн, 6-февралда Нарын эли борбордук аянтка эки талап менен митингге чыккан. Учурда алар тарап жатышканын митингдин катышуучусу, жергиликтүү тургун Семетей Талас уулу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Нарын шаары суук болгондуктан, кыш мезгилинде электр энергиянын лимитин 2000 кВт/саатка көтөрүүнү, көмүрдүн баасын арзандатууну талап кылып чыктык. Өкмөт талаптар аткарылбасын билдирди. 2018-жылдын планына киргизгенге аракет кылышат экен. Эгер биздин талаптар аткарылбаса, митингдер улана берет", - деди ал.
Митингге чыккандардын саны 150гө жакындаган.
Белгилей кетсек, Нарын облусунун тургундары көмүрдүн тоннасын 4000 сомдон сатып алып жатышат.