Дарыгер: Интернеттеги оюнду ойногон кыз алгач 4-кабаттан секирүүгө аракет жасап, кийин колун кескилеген

5-февраль күнү эртең менен Бишкектеги Республикалык психикалык ден соолук борборуна 1999-жылы туулган О.А. аттуу кыз жаткырылган. Аталган оорукананын жетекчиси Ураимжан Исмаиловдун айтымында, кыз билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган.

"Ал 3 күн бою жанагы интернеттеги оюнду ойногон экен. Ал убакыт аралыгында телефон колунан түшкөн эмес. 4-күнү кимдир бирөө тарабынан "өзүңдү өлтүрүшүң керек" деген тапшырма келген. Ал аны аткарыш үчүн алгач 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Бирок аны дос кызы байкап калып, куткарып калган. Кийин билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. Учурда абалы туруктуу, кылганына өкүнүп жатат. 9-класска чейин мектепте окуган", - дейт Исмаилов.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Begimkyz.
2017-02-06 14:38:44
Окмоттун кезектеги шоусу да, эптеп кулаган учак боюнчагы наарычылыктардан элди алаксытуу. Бул окмотубуз уялып олбодуго чиркин! Чын эле ушул кыз ошол оюнду ойногон болсо факт кана? Ошол кыздын ата-энеси кана?
-11
arzygulR
2017-02-06 14:42:59
Соз жок
-4
Nurjan15
2017-02-06 14:45:07
Фотосу кана жалганчылар эптеп элди алаксытуу бул . Бул оюн давно чыккан неге орустар олбой эле журотго бир жакшына колунан телф тушпойт алардан бул просто элди алдоо ишенбегиле эч кимин баары жалган
+7
Seiil.94
2017-02-06 15:55:25
Nurjan15,туура туура
+3
azamat.k
2017-02-06 15:00:42
Болду эми эл ишенбейт,кана ошол кок киттин адрес логинин ким билет мен жаш бала болуп ойноп коройун.Калп эле жаман оюн деп элди алаксытышат.Кантип ойнойт жазып койгулачы билгендер.
0
gordaya
2017-02-06 15:21:44
Мисалы мен жонокой жаранмын, жана мага Боинг учагы кимдин жугу, кимге тиешелуу чынында кызыксыз, болор иш болгондон кийин аларга жардам берилсе деп гана тиленем. бирок оюндан олуп жатса оспурумдор кейийм, балдарым учун тынчсызданам жон эле шоу дегендин баштрына келбесе экен ушул абал,
+7
nemo2016
2017-02-06 17:30:13
gordaya,баары тынчсызданат баласы учун а бирок откон иш отту дегенин эмнеси жетим калган балдардын убалычы жооп берсин ал каргашалуу трагедияны унутбашыбыз керек
0
Begimkyz.
2017-02-06 18:30:43
gordaya,вот озунуздун балдарыныз учун тынчсызданасыз. Башка балдар томолой жетим калса "болор иш болду" деп кош конулсуз. Боин кырсыгы учун жок дегенде кечирим сурап, куран окутуп койсо, пендебиз го кечирбей кайда бармыксыз?
+1
gordaya
2017-02-06 18:35:11
Begimkyz.,Сиз мени туура эмес тушундунуз, мага жук кызыксыз, кимдики, каякка барат? а так аларга жардам берилсин албетте, киши кулгудой 70 мин эмес, а жакшынакай кылып,
+1
jany-aryk
2017-02-06 15:25:53
Тушунуксуз кечээле бул кыз 8 кабатан секирип каза болду деген кызбы же башкабы?
-2
rejepova
2017-02-06 17:47:09
ол десе оло бербесе керек калп эле бир шоу.катардагы
-3
gordaya
2017-02-06 18:38:36
rejepova, Баарыбыздын кокурогубуздо ишеним бар го, жана аларды бизге тушундурушкон, мен мисалы кудайга ишенем, жана аны мага эжей айтып берген, ал эми бул балдардын ишенимин кандайдыр бир маньяк туура эмес жол менен толтуруп жатпайбы, деги бизди адамдарды оной алдаса болот, деги Кудай сактасын!
+1
mikoo
2017-02-06 20:53:12
Кайра-кайра реклама кылдынар го!!
+1
Bubu88
2017-02-06 21:00:15
Ошол өлгөндөрдүн ата энеси бар бекен жакындары интервью албайсынарбы эгер чын болсо тастыктап элге жарыялагыла ушунча болду
-1
Bubu88
2017-02-06 21:02:26
Күндө күн алыс өлдү дейсинер же бир сүрөтү жок же башкасы жок эгер чын шоу болсо минтип жаш балдарды ортого салбагыла
0
Bubu88
2017-02-06 21:03:10
Олбогон адамды өлдү кылып
-1
Bubu88
2017-02-06 21:04:33
70 миллионду өз даректерине жеткиришсин
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан