Мындан 88 жыл мурун, 1929-жылы 6-февралда жаңы зеландиялык фармацевт, ветеринар, бир жолу колдонулуучу пластикалык шприцти ойлоп тапкан Колин Мёрдок Крайстчёрч шаарында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин атасынын жолун жолдоп фармацевт болууну чечкен. Кийин мал доктурлукка ооп, дал ошол убакта жаныбарларды эмдөө үчүн бир гана жолу колдонулуучу шприцти ойлоп тапкан. Ал эми 1956-жылы ага патент алган. Мындан тышкары ал жапайы жана агрессивдүү жаныбарларды дарылоочу шприцтер менен атуучу транквилизатордук мылтыкты ойлоп тапкан.
1976-жылы К.Мёрдок Брюсселде өткөн ойлоп табуучулардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө дарыны кичинекей балдардын ачып алуусунан сактаган капкактын дизайнын ойлоп тапкандыгы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Ойлоп табуучу 2008-жылы 4-майда рак илдетинен улам көз жумган.
6-февралга карата жылнаама.