Кара-Балта шаарынын мэрлигине талапкерлигин койгон Данияр Шабдановго каршы митинг болду

Бишкекте Кара-Балта шаарынын мэрлигине талапкерлигинен Данияр Шабдановду алып салуу боюнча митинг болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына митингдин уюштуруучусу Акылай Кенекеева билдирди.

"Митингди өткөрүү боюнча Бишкек шаардык мэриясынан жана 1-Май райондук администрациясынан атайын уруксат алганбыз. Биз бүгүн Кара-Балта шаарынын мэрлигине талапкерлердин катарынан Данияр Шабдановду чыгарууну талап кылып жатабыз. Биздин катарыбызда нааразычылыкка чыккан 50гө жакын киши бар. Шабдановго буга чейин 8 жолу иш козголгон. Анын экөөсү сотко чейин жеткен. Мындан улам биз бул Шабдановдун мэрлик кызматка ат салышуусуна каршылык акциясын уюштуруп, тиешелүү кызматтардан анын талапкерлигин алып салууну талап кылабыз", - дейт Кенекеева.

Эске салсак, 30-январда мэрди шайлоо боюнча Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы өткөн. Ага 31 жергиликтүү депутаттан 19у гана келгендиктен, мэрди шайлоо күнү башка күнгө жылдырылган. Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 8-февралда жүргүзүлөт. Учурда Данияр Шабданов калаа башчысынын милдетин аткаруучу кызматын аркалоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mr.enriiko
2017-02-06 16:12:54
Ээ ал паракорду кайра эмне калышат шайлап. Канча жолу иш козголгон. Экинчисин шайлаш керек Кубанычбек аябай интелигент иш бтлги. принципиальный. эл м.н иштей билген Байке экенин билем
+1
Adil706070
2017-02-06 19:34:32
Азыркы учурдун модасына айланды, соттолгондор,кылмышкерлер,паракорлор,жемкорлор,суткорлор,черныйлар,рекеттердин, бийлике келгени.
Тан калуунун кереги жок. Иса Омуркулов мэр болуп кыйратпай,кайра эле парламентте КСДП нын лидери.К.Кулматов дагы ошол эле бийликтин таз кейпинин бири Кыргыз-Орус онуктуруу фондунун торагасы.бир ишти майын чыгара албагандарды кайра экинчи жолу мамлекеттик бийик кызматка койбой эле койушса.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан