Өмүрбек Текебаев жубайынын жана Алмазбек Атамбаевдин аялынын 2010-жылдан берки миллиондогон кирешелерин эсептеп чыкты

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-2015-жылдары 5 миллион 27 856 сом киреше тапса, жубайынын кирешелери 22 миллион 567 582 сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда маалымат жыйынында ал өзү Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына таянып билдирди.

"Президент Алмазбек Атамбаев мени "2010-жылдан кийин мультимиллионер болду" деп негизсиз күнөөлөп жатат. Атамбаев өзү "2010-2015-жылдар аралыгында 6 миллион 18 481 сом тапты" деп декларациясында белгиленсе, аялынын кирешелери 32 миллион 371 852 сомду түзүптүр. Демек, Атамбаевди да, мени да аялдарыбыз багып жатышат экен", - деген жыйынтыкка келгенин айтты Текебаев.

Ө.Текебаев: "Атамбаевди да, мени да аялдарыбыз багып жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан