Боинг кырсыгын иликтеген комиссия тарабынан окуя болгон жерде иликтөө иштеринин биринчи бөлүгү учуучу аппараттын жардамы менен жүргүзүлүп, авиакырсык болгон жердин схемасы түзүлдү. Муну Эл аралык авиациялык комитет таратты.
Учактын элементтери чогултулуп, иликтөөгө керектүү бөлүктөрү алынды. Калганы “Манас” аэропортунун аймагындагы кампага киргизилди. Мындан сырткары метеорологиялык маалымат талданып бүттү. Кыргыз Республикасы, АКШнын жана Түркиянын адистери тарабынан учактардын конуу системиндеги радиотехникалык учуу программасы түзүлдү. Комиссия үндөр жазылган маалымат менен экипаж-диспетчердин сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматты иликтеп жатат. Мындан тышкары учуу жана техникалык документтер, экипаждын кыймыл-аракеттери иликтенүүдө. Ошондой эле куткаруучу топтун ишине да баа берилет.