Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын кооптуу жээктерине көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын кооптуу жээктерине көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө "Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын суу чарба кызматкерлери тарабынан атайын иштер аткарылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө дренаждык түйүндөрдү тазалоо жана чириген дарактарды кыркуу иштери жүзөгө ашырылууда. Учурда Тоголок Молдо көчөсү боюнча Щербаков көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин дарактарды кыркуу аракеттери көрүлүп жатат.