Бишкек-Ош унаа жолунда кардын калыңдыгы 170 сантиметрге чейин жетүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-128-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 35-65 сантиметр, түштүк тарабында 131-137-чакырымдарында 60-170 сантиметрди түзүүдө. Ал эми Өтмөк, Ала-Бел, Чычкан ашууларында кардын орточо калыңдыгы 80-125 сантиметрге жетти.
"Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 50-90-чакырымдарында кардын орточо калыңдыгы 60-115 сантиметр, Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Кызыл-Жар тилкесинде 100 сантиметр, Бишкек-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда 30-45 сантиметр, Нарын-Казарман унаа жолундагы Кара-Көө ашуусунда 55-110 сантиметр, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда 45-95 сантиметрге чейин жетүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.