Өкмөт: "43 миң Кыргыз жараны жакын арада Орусиядагы "кара тизмеден" чыгарылат"

Орусияда “кара тизмеге” киргизилген 110 миң Кыргыз жаранынын 43 миңи жакын арада тизмеден чыгарылат. Мындай маалымат премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин жолугушуусунда белгилүү болду. Бул тууралуу 6-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медетбек Айдаралиев учурдагы иштер, ведомство алдындагы жакынкы пландар жана милдеттер, ички жана тышкы миграциянын негизги маселелери тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу жана укугун коргоону башка тийиштүү министрлик жана ведомстволор, чет жердеги мекендештер диаспоралары менен биргеликте тыгыз иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Өкмөт башчы жарандарды Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган жактардын тизмесинен чыгаруу боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө чет жерде эмгектенген мекендештердин негизги көйгөйү эмгек мигранттарынын укугу жана миграциялык мыйзам тууралуу маалыматынын жетишсиздиги болуп саналат. Бул максатта Миграция кызматы тараптан эмгек мигранттарынын укугу жана абалы тууралуу тийиштүү маалыматты камтыган маалымдама түзүү үстүндө иш жүрүүдө.

"Бүгүнкү күндө Орусияда 600 миңден ашуун эмгек мигранты, Казакстанда 110 миңден ашуун мекендештер иштейт. Ведомство тарабынан эмгек мигрантарынын чет өлкөдө жүрүү шартын жана алардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттарын медициналык камсыздоо тутуму киргизилген, бул Кыргыз жеринен барган мигранттардын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет", - деп билдирди Медетбек Айдаралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан