Шахмат, кумда сүрөт тартуу, авиамодель, робот жасоо боюнча мастер-класстан фоторепортаж

Бүгүн, 6-февралда борбор калаадагы соода борборлорунун биринде "Алтын түйүн" республикалык инженердик-техникалык академиясы илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын ачылышын өткөрдү. Алгач флешмоб уюштурулуп, андан кийин аталган жайдын окуучулары өздөрү даярдаган эмгектери менен тааныштырып, мугалимдери менен мастер-класс көрсөтүштү. Мастер-класс учурунда кызыккандарга шахмат, сүрөт тартуу, кумда сүрөт тартуу, авиамодель, робот куруу боюнча кеӊеш берилди.

Академиянын мугалими Нурлан Жогаштиевдин айтымында, акыркы убакта Кыргыз өлкөсүндө заманбап техникага кызыккан жаштар көп, болгону аларга туура багыт берип, колдоо зарыл.

"Япония, Кытай мамлекеттери сыяктуу түрдүү техниканын, роботтордун өнүккөн деңгээлине жетүү кыйын. Бирок биздин өлкөдө да таланттуу жаштар көп. Биз болушунча аларга туура багыт берип, шык-жөндөмүн өстүрүүгө, талантын ачууга жардам беребиз. Биздин академиянын көп эле тарбиялануучулары эл аралык сынактарда ийгиликке жетишип келишет", - деп билдирди
Н.Жогаштиев.

Окуучулар флешмобу. 6.02.2017.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан