"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ала-Бука районунун Балтагулов айылында 4 айыл быйыл таза суу менен камсыз болот

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагында быйыл 4 айыл таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына Балтагулов айыл аймагынын башчысы Мамадалы Парпиев билдирди.

"2017-жылдын жаз алды менен Ызар, Кош-Алмурут, Кош-Терек, Баймак айылдарын таза суу менен камсыздоо аракетин баштайбыз. Кийинки жумада айылдарды таза суу менен камсыздоого тендер жарыялайбыз. Жалпы суммасы болжолдуу 12 миллион сомго жетет", - деп билдирди Парпиев.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджеттен жана Ала-Бука районундагы алтын кендеринен түшкөн 2 пайыздык төлөмдүн эсебинен таза суу долбоору ишке ашырылат. Ал эми айыл өкмөт башчы "Ызар айылында суу чыкпай жатат" деген маалыматты четке какты.

"Учурда Ызар, Кош-Алмурут айылдарында 8 жерден суу чыгып жатат. Бул айылдарга 200 тонналык суу сактагычтан суу коё берилет. Айылдын ылдый тарабындагылар суу түтүктөрүн жаппагандан улам жогору тараптагыларга суунун басымы жетпей, чыкпай калып жатат. Учурда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал эми азырынча электр эсептегичтери коюла элек. Таза суу менен камсыздоо жыйынтыкталгандан кийин эсептегичтерди орнотуу жүргүзүлөт", - деп кошумчалады айыл аймак башчысы.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" Ызар айылынын Миңбаев көчөсүнүн жашоочулары таза суу менен камсыз болсо да, пайдалана албай жатканын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aitenir
2017-02-06 18:07:14
Балтагулов айылында 4 айыл ?
-1
solntse95
2017-02-07 01:23:02
aitenir,Т.Балтагулов айыл окмотуно карайт ошол 4 айыл.
0
solntse95
2017-02-07 01:25:57
Суу чыгарабыз деп жолдорду узунунан казып салышканына 2 жыл болду... Быйыл бутсо бутту, бутпосо дагы канча жыл турат кудай билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан