Мусулмандар АКШнын аймагына киргизиле баштады

Мусулман өлкөлөрүнүн жарандары соттун чечими менен Дональд Трамптын миграция тармагындагы буйругу токтотулган соң Америка Кошмо Штаттарына тоскоолдуксуз кире башташты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Йемен, Сирия жана Ирак өлкөлөрүнөн АКШга бараткан 33 мигрант Каирдин аэропортунда учакка тоскоолдуксуз түшүшкөнү маалымдалат. Ошондой эле сириялык үй-бүлөлөргө да АКШга кирүү мүмкүн болуп жатканы белгилүү болуп, Катардагы авиакомпаниялар АКШга кетчү каттамдарга мусулман жүргүнчүлөрдү кабыл алып жатышканы маалым болду.

Мигранттардын иштери менен алектенген адвокаттар Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон жана дагы башка шаарлардын аэропортторуна АКШга кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн жарандары келип жатышканын маалымдашкан.

Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Иран, Ирак, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судан өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга 90 күнгө кирүүгө тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
yrysbek
2017-02-06 17:58:21
мен Өмүрбек Бабановду ушул убакытка чейин кучтуу эли жерин бирааз болсода ойлогон саясатчы катары сыйлачумун, "Начар тынчтыкты" тандаганынан бери сыйлабай калдым бул кишини, грубо айтканда саткын эки жуздуу экен бул киши чынында.
+10
Seiil.94
2017-02-06 18:05:47
yrysbek,Бизнесмен адам эч качан саясатчы болуп элди жыргатбайт толька озунукун ойлойт эми билдинби?
+7
baltabaev
2017-02-06 21:41:38
yrysbek,эми билдинби саткын экенин?
+3
Adil706070
2017-02-06 19:11:21
Америкада соттордун коз карандысыздыгы,мыйзам чегинде иш алып барары белгилуу.президенттин буйругу да отпой калды.негизгиси мусулман адамдын эн кучтуу куралы бул -дуа.андыктан мусулманга каршы чыгуу адашкандык чон жанылыштык.
Бизде соттор мыйзам чегинде иш алып барышпайт,бийликтин кун карамасы.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан