Бүгүн, 6-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы президент Алмазбек Атамбаевдин "нарындыктар" жана "таластыктар" жөнүндө айтканы боюнча билдирүү таратты. Анда президенттин 2013-жылдын 12-июнунда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун башталышында сүйлөгөн сөзү атайылап кыркылып, монтаждалганы айтылган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, белгисиз адамдар өлкө башчысынын сүйлөгөн сөзүн монтаждоо менен аны жаман көрсөтүүнү максат кылышкан. Айрымдар монтаждалган видеону колдонуу менен президенттин бурмаланган сөзүн интернетке, басылмаларга чыгарышкан. Ошондой эле Дүлөйлөр жана азиздер коомунун мурдагы жетекчиси Темирлан Ормуков жалган маалыматты өз ыр саптарында да колдонгон. Ал факт боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратурага кайрылган.
"Башкы прокуратура өз учурунда бир катар экспертизаларды жүргүзгөн. Анын негизинде президенттин "Талас сага жер болбойт, таластыктар эл болбойт" дегени "Манас" эпосунан алынганы аныкталган. Саякбай Каралаев вариантында Манас жубайы Каныкейге "Менин көзүм өткөндө, бу Талас сага жер болбойт. Менин көзүм өткөн соң, Кең Талас сага эл болбойт" деп айткан. Андан соң өлкө башчы "Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө! Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнүп калды кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет!" деп сөзүн улаган. Бул нерсе кыргыз элин бөлүнбөй биримдикте болууга жана өткөндөгү кемчиликтерди кетирбөөгө багытталып айтылган. Ал эми президенттин "нарындыктар, силер малчысыңар" дегенин айрым басылмалар "нарындыктар, силер малсыңар" деп жазып чыгышкан. Бул өз кезегинде ал адам тууралуу жаман ойлорго алып келет жана аймак аралык кастыкты козутушу мүмкүн. Мындан улам тиешелүү материалдар процессуалдык чечим чыгаруу жана текшерүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлдү", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.