Кыргыз транспорт прокуратурасы тарабынан өлкө аймагындагы аэродромдорго жакын жердеги курулуштардын мыйзамдуулугу текшериле баштады. Бул тууралуу 6-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Баткен" жана "Жалал-Абад" аэродромдорунда мыйзам бузуу фактылары табылган. Аймакта жер тилкелери мыйзамсыз берилип, 20дан ашуун курулуш тургузулганы белгилүү болду. 2017-жылдын 1-февралында Баткен облусу боюнча Мамлекеттик экотехинспекцияга тийиштүү тапшырмалар берилди.
Жогоруда аталган аэродромдор 1970-жылдан бери иштеп келишкени менен, Баткен жана Жалал-Абад шаарларынынын башкы планына кире электиги аныкталды. Азыркы тапта прокуратура тарабынан башка облустарда текшерүү иштери жүрүүдө.