Октябрь Абдыкаимов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тийиштүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Абдыкаимов буга чейин аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Ал 1971-жылы 7-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.