Бишкекте эскилиги жеткен мамы тротуарга кулап, тургундарга кооптуу абал жаратты

Бүгүн, 6-февралда кечке маал Бишкектеги Токтоналиев менен Таш-Көмүр көчөлөрүнүн кесилишинде көчө чырагынын мамысы тротуарга кулап, жөө жүрүүчүлөргө кооптуу абал жаратты. Бул тууралуу кырсыктын күбөсү Алишер Ташматов кабарлады.
"Мамынын жарымы тротуарга, жарымы унаа жолуна түштү. Ал жерге ошол маалда жөө адамдар жакындап калышкан, бактыга жараша, аларга түшкөн жок. Бирөөнүн үстүнө куласа эмне болмок?" - деди күбө.
Кулаган мамыдан алыс эмес жерде эскилиги жеткен дагы бир мамы бар экенин кошумчалады ал.
"Учурда дагы бир эскилиги жеткен мамыны алып жатышат", - дейт Алишер Ташматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан