Социалдык тармактарда "Синий кит", "Тихий дом” аталышындагы оюндарга кызыгуусу болгон өспүрүмдөрдү аныктоо максатында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын атайын иш-чаралары уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал иш-чараларга ылайык, ар тармактын кызматкерлеринен турган атайын топ түзүлүп, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, мектеп жамааттары, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте жолугушуулар өткөрүлүп, мектеп окуучуларына алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
"Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Нарын шаарынын орто мектептеринин 9-классынын 4 окуучусу аныкталган. Ал окуучулардын айтымында, Инстаграмда оюнду көрүп таанышкан, бирок ал оюнга кызыгуусу артып ойнобогондуктарын билдиришкен. Жогорудагы окуучуларга өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор тарабынан атайын психологдун катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал окуучулар ата-энелеринин көзөмөлүнө тапшырылган жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө да болушмакчы", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.