Ош шаарынын тургуну ок атуучу курал менен кармалды

Ош шаарынын тургуну ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдын ала алынган ыкчам маалыматтын негизинде Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну кармалып, күбөлөрдүн катышуусу менен өздүк кароо жүргүзүлгөн. Натыйжада анын жанынан 1 даана "ТТ" үлгүсүндөгү тапанча, 3 даана огу менен табылган. Учурда мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөндүгү үчүн кылмыш иши козголду. Ок атуучу курал атайын экспертизага берилди. Экспертиза учурунда тапанчанын ок чыгарууга жарамдуу же жараксыздыгы, кандайдыр бир кылмыштарга катыштыгы болгон-болбогону аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bakyr
2017-02-07 08:45:23
кандайча мыйзамсыз? Биз "Охотный магазинден" алып иштетип эле журобузго? анда эмне ал да мыйзамсызбы ыя?!
0
kursantvs
2017-02-07 10:22:11
Bakyr, ТТ - Тульский Токарева, боевой пистолет, мергинчилике эмес адам олтургонго арналган курал да.
+1
baltabai
2017-02-07 12:53:29
Да
0
Bubu88
2017-02-07 15:52:42
Өздорунчо эле мафия болуп кетишкен го только курал жарак мн жүрүп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан