Бүгүн эртең менен өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

Бүгүн эртең менен өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн эртең менен саат 08:18 чамасында катталган. Анын күчү 4-4,5 баллга чейин жеткен. Очогу Чаткал тоо кыркаларында жайгашып, Кашка-Суу айылынан 15 чакырым түндүктө, Кызыл-Капчыгай айылынан 18 чакырым жана Кербен шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Калк жашаган Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу айылдарында 4 балл, Кербен шаарында 3 баллга сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG.Kushtarbek
2017-02-07 10:27:02
Бойбойооо
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан