ЖЫЛНААМА, 7-ФЕВРАЛЬ: 205 жыл мурун атактуу англиялык жазуучу Чарльз Диккенс төрөлгөн

Мындан 205 жыл мурун, 1812-жылы 7-февралда айтылуу англиялык жазуучу Чарльз Жон Хаффем Диккенс Англиянын Портсмаус шаарына жакын жердеги Лендпорт деген жерде туулган. Анын атасын мамлекеттик карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн түрмөгө отургузганда, окуусун таштап, 12 жашынан баштап ар кандай оор жумуштарда иштеген.

1828-жылы 16 жашында адвокаттардын конторуна кенже кызматкер болуп орношуп, Доктор Коммонз сотунда көз карандысыз кабарчылык даражага жетет. Ошол мезгилде Англияда болуп жаткан окуялар жөнүндө жакындан билип, парламенттеги кызуу талаш-тартыштарды көрүп, саясий жактан дагы көз карашы калыптанат.
Анын ошол кездердеги жазган “Боза очерктери” нравалык жактан таасир берүүчү алгачкы очерк катары бааланып, катардагы лондондуктардын психологиялык кулк-мүнөзүн таамай-таасын ачып берген. Чарльз Диккенстин адабиятка аралашып, алгачкы жолу жазган “Пиквик клубуна өлүм алдындагы кол жазма” аттуу чыгармасы 1836-жылы Лондондо болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жеткен.
Жазуучуну англис юморунун негиздөөчүсү катары да баалашат. Анын чыгармаларында башынан өткөргөн кыйын күндөр, оор окуялары кеңири орун алып, реалдуу турмуштагы терс көрүнүштөр, социалдык теңсиздиктер негизинен сатиралык мүнөздө берилген.
Чарльз Диккенс ондон ашуун романдарды жазган. Анын ичинен "Мартин Чезлвит", “Муздак үй”, "Оливер Твистин жоруктары жана жашоосу", “Домби жана уулу”, "Дэвид Копперфильд" сыяктуу романдары ага дүйнөлүк атак-даңк алып келип, классик жазуучулардын катарына кошкон.
Чарльз Диккенсти англиялыктар улуу драматург Ульиям Шекспир менен бир катарга коюп, 1880-1890-жылдары айтылуу Байрондон да атактуу болгондугун айтышат. Анын чыгармаларынын дээрлик бардыгы экрандаштырылып, мыкты көркөм тасмалар тартылып, спектаклдер коюлган. Атактуу жазуучу 1870-жылы 9-июнда 58 жашында инсульттан каза болгон.

7-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан